Атыр Абдрахматова акыйкатчы болуп шайланды

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырды.
Жашыруун добуш берүүнүн негизинде Атыр Абдрахматовага 50, Турсунбек Акунга 2, Мамат Момуновго 9, Бакытбек Узенбаевге 13 жана баарына каршы 3 добуш берилген.
Жыйынтыгында Атыр Абдрахматованы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызмат ордуна шайлоо тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.