ОшТВ телерадиокомпаниясы

Атазов Оштогу бир мандаттуу №8 Төлөйкөн шайлоо округунун жыйынтыгына нааразы

 Атазов Оштогу бир мандаттуу №8 Төлөйкөн шайлоо округунун жыйынтыгына нааразы

Талапкер Шайлообек Атазов Оштогу бир мандаттуу №8 Төлөйкөн шайлоо округунун  жыйынтыгына нааразылыгын билдирүүдө. Ал округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сотко кайрыларын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“Ош Төлөйкөн №8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Бул боюнча бизде тиешелүү видео, аудио фактылар бар. Элибиздин аруу тилектерин тебелешти. Мага добуш берген 17 миңге чукул карапайым элимдин ар бир добушу үчүн күрөшөм”, – деди ал.

Атазов округдагы участоктордун баарындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайрадан санап чыгууну талап кыларын айтты. Ал учурда Оштун борбордук аянтына чыгабыз деп турган тарапкерлерин тыйып, маселени мыйзамдуу жолдор менен чечүүгө аракет кылып жатканын журналисттерге билдирди.

Жанылыктар