«Атазов мандатыңды тапшыр!». Активисттер акцияга чыкты

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына акцияга чыккан жарандык активисттер депутат Шайлообек Атазовдон мандатын тапшырууну талап кылышты.
Акцияга чыккандар депутаттын парламент жыйынында айткан сунушуна нааразы болушууда.
Белгилей кетсек, депутат Шайлообек Атазов 9-июнда өткөн жыйында жаш кыздардын чет өлкөгө мигрант болуп кетишине чек коюуну сунуштаган.
«Мигранттарыбызда аябай маселе көп. 18-20 жаштагы кыздарыбызды чет өлкөгө ата-энелери менен чыгарсак. Болбосо турмушка чыккандан кийин барышса. Миграция тармагы боюнча тийиштүү органдар комитетке келип маалымат берсин», — деди Атазов.
Атазовдун мындай сунушу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда.