“Атасынын үнүн укканда кыздары заара ушатып жиберет”. Зомбулуктан жабыркаган аялдын окуясы

 “Атасынын үнүн укканда кыздары заара ушатып жиберет”. Зомбулуктан жабыркаган аялдын окуясы

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аял өз окуясы менен бөлүштү.

Ал 2011-жылдан бери жолдошу тарабынан кордук көрүп, себепсиз ур-токмокко кабылып келгенин айтты.

“Биз жарандык никеге турганбыз. Ал буга чейин эки жолу аял алган. Азыр төрт балам бар. Экөөбүз чогуу жашап келгенден бери психологиялык, физикалык жактан жабыркап келдим. Менин экинчи турмушум болуп жаткандыктан, зомбулукка чыдап, үй-бүлөнү сактап калайын баары жакшы болот дедим. Бирок андан эч кандай жакшы күндөрдү көрө албай койдум. Турмушка жаңы чыкканда боюмда болуп, беш айга жакындап калганда мени себепсиз эле уруп, балам ичимден чарчап калды. “Ата-энеңе айтпа, ооруканага барба, мени камап коет” деп, өзүнүн күнөөсүн моюнга алган. Мен дагы жашаганыбызга аз эле күн болду, кайра ажырашамбы, ата-энемдин үйүндө отурамбы деген ой менен калып калдым. Дарыгерлер баланы кескилеп алышкан”, — деди ал.

Жабырлануучунун айтымында, кийинки балдары төрөлгөндө дагы жолдошу урганын токтоткон эмес.

“Балдарым ыйласа, эмнеге ылайт деп бешигин тоголотуп жиберген күндөр дагы болгон. Балдардын ыйын укканда жаздык менен алардын бетин жаап жинденчү”, — деди жабырлануучу.

Жабырлануучу аял “Сезим” кризистик борборуна бир нече жолу кайрылган. Аталган борбор юридикалык жактан колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатканы менен жабырлануучунун жолдошу күнөөсүн моюндабай жатканы айтылды.

“Балдарынын баш мээси чайкалган экен. Атасынын үнүн укканда 5 жана 9 жаштагы кыздары заара ушатып жиберет. Бизде жолдошунун кур менен сабаганынын сүрөттөрүнүн баары бар. Бирок ал күнөөсүн моюнга албайт. Биздин борбор сотко кайрылганда, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (“Кыйноо”) менен карабай, 136-беренеси (“Денеге жеңил залал келтирүү”) менен менен карап, 50 миң сомдук айып тагып койду. Биз кайра сотко кайрылганы жатабыз”, — деди “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

 

 

 

Жанылыктар