Асылбек Жээнбеков менен Данияр Нарымбаев камакта калтырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасы узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Асылбек Жээнбеков менен Данияр Нарымбаев 2022-жылдын 30-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болушат.
Кумтөр иши боюнча айыпталып жаткандар мурдагы жана азыркы депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Исхак Пирматов да бар. Ал эми Пирматов буга чейин айып пулга жыгылган. Бул ишке тиешеси бар экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулган. Талант Узакбаев, Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев жана Алмазбек Баатырбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков менен биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да камакта. Алардын колдоочулары камакка алууларды саясий буйрутма катары баалап жатышат.