Астанада бүгүн Жапаров, Путин жана Рахмон жолугушат

 Астанада бүгүн Жапаров, Путин жана Рахмон жолугушат

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 13-октябрда Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын президенттеринин  үч тараптуу жолугушуусу болот. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы тастыктады.

Маалыматка караганда, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалып жатат. Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген орус мамлекет башчысы Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

12-14-октябрда Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана “Борбор Азия + Россия” мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Ага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-октябрда Казакстанга барды.

Бул Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу болот.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган.

Дүйшөмбү кайра айыпты Бишкекке оодарган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар