Бишкекте ашказанына баңгизат жашырып алып келе жаткан жаран кармалды

Ашказанына кокаин баңгизатын жашырып алып келе жаткан жаран “Манас” эл аралык аэропортунан кармалды.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 2023-жылдын 10-февраль күнү “Манас” эл аралык аэропортунда 1986-жылы туулган Т.В. аттуу жаран кармалган. Ал Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн Кыргызстанга баңгизатты аткезчилик жолу менен алып келген.
Кармалган жарандын ашказанын кароодо медициналык кол каптарына оролгон баңгизат табылып, натыйжада жалпы салмагы 300 граммды түзгөн 50 даана контейнер алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кокаин баңгизаты экендиги аныкталды.
«Шектүү Германиядан кокаин баңгизатын сатып алып, аларды Кыргызстандын аймагында сатууга аракет кылган. Баңгизаттын бул түрү Кыргызстанда биринчи жолу ири өлчөмдө табылып жатат. Анын бир граммынын “көмүскө базардагы” баасы 500дөн 2000 АКШ долларына чейин жетет«,-деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды.