Арзыбек Кожошев Дубайга иш сапары менен барды

 Арзыбек Кожошев Дубайга иш сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 28-марттан тарта Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Дубай (Бириккен Араб Эмираты) шаарында жүрөт.

Жумушчу сапардын алкагында Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмиратынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Иш сапардын жүрүршүндө ал БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи менен жолугушту. Анда тараптар кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Тактап айтканда, Арзыбек Кожошев эки өлкө ортосундагы саясий кызматташтык ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгилеп, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да чыңдалаарына ишеним билдирди.

Жанылыктар