Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бишкекке келди

 Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бишкекке келди

Армениянын премьер-Министри Никол Пашинян Бишкекке келди.Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» Эл аралык аэропортунда премьер-министр Никол Пашинянды министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Никол Пашинян Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген.

Жанылыктар