Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан ок атылды

 Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан ок атылды

Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан ок атылды. Бул туурасында Известия сайты жазды.

Армениянын коргоо министрлининин маалымат кызматы Азербайжандын куралдуу күчтөрү (АФ) армяндардын позицияларын аткылашканын билдирди.

«6-ноябрдан 7-ноябрга караган түнү Азербайжандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү ар түрдүү калибрдеги аткычтардан чек аранын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан армяндардын позицияларына ок атышкан», — деп айтылат басылмада.

Белгиленгендей, армян тараптан жоготуулар болгон жок.

Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын аскерлери ок атты деп билдирүүдө. Алардын айтымында, армян тарап Моллабайрамли, Безирхан калктуу конуштарына ар кандай калибрдеги аткычтардан маал-маалы менен аткылаган.

1-ноябрда Сочидеги саммитте Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян күч колдонуудан алыс болуп, бардык көйгөйлүү маселелерди өз ара сүйлөшүүнүн негизинде гана чечүүнү макулдашкан.

Армения менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер Тоолуу Карабактын 1988-жылы Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялагандан кийин курчуп келүүдө.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар