Аркадий Дубнов Кыргызстандын экс-президенттеринин жолугушуусу боюнча пикир билдирди

17-февраль күнү Кыргызстандын экс-президенттери Дубайда жолугушканы маалым болду. Жолугушууну өлкө башчысы Садыр Жапаров демилгелеп, мурдагы президенттерди эл-жердин түбөлүк ынтымагы үчүн чогултканын жазган.
Аталган жолугушуу боюнча саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов өз пикирин билдирди.
“Эгемендүү Кыргызстандын 30 жылдан ашуун мезгили кыргыздардын адилетсиздикке өзгөчө жакындыгын, демократияга алып баруучу чынчыл бийликти шайлап алам деген чоң романтизм болгонун түшүнүү керек. Мына ушундан улам кыргыз коомчулугунун бардык катмарынын болуп көрбөгөндөй саясатташып кетиши да күч алды. Эл көпчүлүк учурда ар бир жаңы президентке үмүт артты. Бирок алардан ар кандай деңгээлде көңүл калуулар орун алып келди.
Ошондуктан, Дубайдагы жолугушууда Кыргызстанда негизги доомат болуп айтылып келген өлкөнүн экинчи президенти Курманбек Бакиевдин өлкөгө кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн кескин четке кагып, ал боюнча сырттан болсо да өкүм чыгарылды. Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде төгүлгөн кан үчүн эл кечире албайт.
Дубайдагы жолугушууну уюштурууга жакын булактардан алынган маалыматка караганда, “Ак үйдүн” мурдагы ээлеринин жолугушуусу төрт сааттан ашык убакытка созулуп, чындап эле эмоционалдык маанайда өттү.
Көрсө, Жапаров Дубайга бир нече жума калганда төртүнчү жана бешинчи президенттер – Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы кандайдыр бир деңгээлде элдешүүлөрүнө жетишкен экен. Бул алтылыктын жолугушуусуна мүмкүнчүлүк түздү.
Жапаровдун өзү, биздин булактардын айтымында, чын дилинен тил табышууга бел байлаганын көрсөтүүгө аракет кылып, ал президент болуп турганда бир нече жакын туугандарын камап салган Атамбаевге кек сактабаганын билдирген.
Жолугушуунун катышуучуларынын ичинен жалгыз Алмазбек Атамбаев “англичандарча “ коштошпой басып кеткен. Жолугушуудагы кыскача таасирлери менен бөлүшкөн дагы ошол бир эле А. Атамбаев болду. Дааратканага чыккансыган төртүнчү президент кайра коштошууга кайтып келген жок …
Бул кишинин темпараменти, балким болгон мүнөз кыялы ушундайдыр деген түшүнүктөмүн.
Бул жолдо алардын ар бирин дагы кандай азгырыктар күтүп турганын ким билет, убакыт көрсөтөт…”, – деди Дубнов.
Белгилесек, Кыргызстан эгемендүү мамлекет аталгандан бери өлкөнү алтынчы президент Садыр Жапаров башкарууда. Ага чейин Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 — 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 — 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 — 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген.