Аргентинанын вице-президенти Кристина Киршнерди өлтүрүү аракети болду

Аргентинанын мурдагы президенти, азыркы вице-президент Кристина Киршнерди өлтүрүү аракети болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Киршнер жаракат алган жок. Кол салган адам кармалды.
Todo Noticias телеканалы кабарлагандай, окуя 1-сентябрь күнү кечинде виц-президенттин үйүнүн жанында, Киршнер өз тарапташтары менен сүйлөшүп жатканда болгон. Топтошкон адамдардын арасынан бир киши Киршнерди тапанча менен мээлеп,атып жиберген. Бирок ок атылган эмес.
Аргентинанын президенти Альберто Фернандес окуяны Киршнерди өлтүрүү аракети деп атады. Анын айтымында, тапанчада беш ок болгон.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, кол салган адам Фернандо Андрес Сабаг Монтьель аттуу Бразилиянын 35 жаштагы жараны экени аныкталды. Ал өз алдынча дүрмөттөлчү Bersa Thunder 380 тапанчасы менен куралданган.
Киршнер Аргентинанын президенти кызматында 2007-жылдын декабрынан 2015-жылдын декабрына чейин иштеген. Ал 2007-2015-жылдары инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда коррупциялык схема түзгөн деп айыпталууда.