ОшТВ телерадиокомпаниясы

Араванда лицейдин жетекчиси менен кошо жети кызматкери иштен алынды  

 Араванда лицейдин жетекчиси менен кошо жети кызматкери иштен алынды  

Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу №65 кесиптик лицейдин жетекчиси жана 7 кызматкери бир учурда ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 18-ноябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаникулов Төө-Моюн айыл өкмөтүндө текшерүү ишин жүргүзгөн. Жыйынтыгында аталган кесиптик лицейде бир топ кемчиликтер аныкталган. 8 кызматкердин бир учурда жумуштан четтетилишине окуу жайдагы эрежелердин аткарылбагандыгы себеп болгон.

«№65 кесиптик лицейде билим берүүдөгү сапаттын жоктугу, окуу имаратынын талапка жооп бербегендиги, окуу жайдын кароосуз калгандыгы, андагы окуу бөлмөлөрдүн, жатаканалдардын муздактыгы, алынып келген көмүр, тамак-аш даярдоо боюнча бир топ кемчиликтер аныкталган. Анын натыйжасында билим берүү министринин буйругу менен ошол окуу жайдын директору жумушунан бошотулду. Андан сырткары окуу жайдын директорунун орун басары, билим берүү тармагына, чарба тармагына жооптуу кызматкерлерден жетөө кызматтан алынды», – деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар