Араванда кыз-келиндер үчүн 250 орундуу тигүү цехи ачылды

Араван районунуда чет өлкөлүк фонддордун каржылоосу менен ачылган тигүү цехи жумушчуларды кабыл ала баштады. Учурда ишканада 150гө жакын айылдагы кыз-келинде ржумуш менен камсыз болду.
Жумушчу аялдарга ыңгайлуу болушу үчүн тигүү цехинде жашап иштей турган шарт да толугу менен каралган.
Жаңы жумушчуларды болсо акыркы үлгүдөгү тигүүчү машиналар менен атайын технологдор үйрөтүп, окутуп жатышат. Заманбап шарты менен түптөлгөн цех ишин баштаары менен коңшу Өзбекстандан буйрутма алууда.