Араванда картошка эгиле баштады

 Араванда картошка эгиле баштады

Ош облусунун Араван районунда 15-февралдан баштап картошка эгиле баштады. Дыйкандардын айтымында, жазгы талаа иштери жылдагыга салыштырмалуу 15 күнгө кеч башталды. 

Картошка эгүү сезонун алгачкылардан болуп дыйкан Атабек Умаров баштады. Ал картошканын ревейро 50 сомдон сатып алып эгип жатат. Өткөн жылы 3 тонна картошка казып, 40-45сомдон кардарларга өткөргөн. Жылына 100 миң сомго чейин киреше табам деген дыйкан быйылкы жылдагы кымбатчылык менен кеткен чыгымдар акталса экен деп турат. Анын негизги максаты экологиялык жактан таза, ата-мекендик айыл чарба продукциялары менен жалпы ички рынокту толук камсыздоо.

Санталат Юсупова айыл өкмөтүндө быйыл 330 гектар жерге картошка айдоо пландалууда. Айыл окмоттогу дыйкандарга ынгайлуу шарт тузуп беруу учун суугат суу маселелери, ирригация багыты колго алынып 500 мин сом акча бөлүнгөн. Айыл өкмөттөгү дыйкандар жылына эки жолу түшүм алууга жетишет.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Илхом Ташболотовдун айтымында, агрардык тармак өлкө экономикасын өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири. Быйылкы жылы дыйкандар үчүн мамлекет тарабынан ыңгайлуу шарттар түзүү максатында арзан пайыздагы кредиттер каралган.

Жанылыктар