Араванда “Йакын-Инкардын” эки тобу кармалды

 Араванда “Йакын-Инкардын” эки тобу кармалды

Ош облусунун Араван районунда Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылынын эки тобу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка караганда, Кармалгандардын арасында тыюу салынган «Йакын Инкар» диний экстремисттик кыймылынын мүчөсү катары мурда соттолгон жана аталган уюмдун катарына жаңы кошулгандар да бар. Алар Араванда үгүт насаат иштерин жүргүзүп жүрүшкөнү аныкталган.

Кармалгандар Араван районунун 53 жаштагы Т.М, 20 жаштагы А. Ж, 44 жаштагы Ж. Ш,  38 жаштагы Х. А, 40 жаштагы Г. Ш, 39 жаштагы Н.М, 31 жаштагы Я. Х., 21 жаштагы Ш. А., жарандар кармалышкан.

Учурда бул боюнча топтолгон материалдар тергөө кызматына берилип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүнө каршы келген, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө, пропагандалоого, тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылдын иштерине катышуу менен бирге ишин жүргүзүшкөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын КЖКнин 331-бер. 5-бөл. каралган кылмыштын белгилери менен 4 факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын ичинен 2 факты кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аягына чыгып соттук кароого жиберилген.

Азыркы учурда, Ош облусунун аймагында диний экстремизм, терроризм жана улут аралык чыр чатактардын алдын алуу жана алардын мыйзамга каршы аракеттерине бөгөт коюу максатында ыкчам иликтөө иш чаралары улантылууда.

Андан башка, жогоруда аталгандай диний экстремисттик уюмдардын жашыруун (спящий ячейка) түрдө иш жүргүзүп жүрүшкөн экстремисттик уюмдардын орун алган жайларын, каржылоо булактарын, лидерлерин тактап, аларга бөгөт коюуга багытталган тийиштүү ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүү жагы күчөтүлгөн.

Жанылыктар