Араванда дайынсыз жоголгон 12 жаштагы эки кыз табылды

 Араванда дайынсыз жоголгон 12 жаштагы эки кыз табылды

Ош облусунун Араван районунда дайынсыз жоголгон 12 жаштагы эки кыз табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2-август күнү Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 39 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, кызы 12 жаштагы С.М. менен кызынын досу 12 жаштагы А.Н. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган маалымат, 2022-жылдын 2-август күнү саат 13:26 де Араван РИИБдин МЭЖне катталган. Иш-чаранын жүрүшүндө, 2022-жылдын 2-август күнү саат 05:00 дөр чамасында Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн тургуну 12 жаштагы С.М. менен анын бөлөсү ошол эле көчөнүн тургуну 12 жаштагы А.Н., жаран С.М. үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгы аныкталган.

Издөө иштери Араван РИИБдин өздүк курамы тарабынан жүргүзүлүп, 2022-жылдын 2-августтан 3-августка караган түнү саат 01:02 чамасында Ош шаарынын Ак-Буура эс алуу паркынан табылып сак-саламат ата-энесине өткөрүлүп берилди. Кыздардын ата-энелерине кыздар менен болгон мамиле боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Ошондой эле социалдык кызматкерлерге көзөмөлдөө боюнча сунуштар берилди.

Жанылыктар