Араван: Алля-Анаров айыл өкмөтүнүн жер адиси кармалды

 Араван: Алля-Анаров айыл өкмөтүнүн жер адиси кармалды

Ош облусунун Араван районундагы Алля-Анаров айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси акча талап кылууга шектелип, кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, УКМКга С.И.И. аттуу жаран кайрылып, жер тилкесин алып берүү маселеси боюнча оң чечим чыгаруу үчүн андан 300 миң сом талап кылган Алля-Анарова айыл аймагынын жер адиси Ж.С.Шга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Буга чейин Ж.С.Ш. арыз берүүчүдөн 250 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган.

Ж.С.Ш. өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин ишке ашыруу үчүн президенттин 2021-жылдагы “Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө” Жарлыгына таянып, арыз ээсине кезексиз жеке турак-жай курулушуна жер тилкесин берүүнү убада кылган.

9-июнда калган 50 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Ж.С.Ш. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылды.

Жанылыктар