Apple Россиядагы офисинин бир топ кызматкерин Кыргызстанга көчүрдү

 Apple Россиядагы офисинин бир топ кызматкерин Кыргызстанга көчүрдү

Америкалык Apple корпорациясы Россиядагы офисинин бир топ кызматкерин Кыргызстанга көчүрдү. Бул тууралуу «Ведомости» басылмасы жеке булактарына таянып билдиргенин Марал ФМ сайты жазды.

Маалыматка караганда, Apple компаниясынын Россиядагы офисинин кызматкерлеринин бир бөлүгү ушул жайдын аягында Кыргызстанга жайгашкан. Гезит Россиядагы Apple офисинин мамлекеттик органдар менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Назим Турдумамбетов Кыргызстанда туулганын жазган.

Ошондой эле дагы бир катар кызматкерлер Улуу Британияга жайгашкан.

«Ведомости» басылмасына сүйлөп берген эксперттердин айтымында Россиядагы эл аралык IT-компаниялар кызматкерлерин Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанга көчүрүп жатканын, буга чыгымдардын аздыгы жана бул өлкөлөрдө орус тили кеңири жайылгандыктан ыңгайлуу деп эсептелгени себеп болууда. Ошондой эле Сербия жана Черногория өлкөлөрү да бул тизменин катарында.

Россия Украинага кол салгандан бери Apple Орусиядагы ишмердүүлүгүн расмий токтото элек. Бирок жаңы үлгүдөгү өнүмдөрүн сатууну токтотуп, Apple Pay тиркемесинен бир катар орусиялык дүкөндөрдү алып салган.

 

Жанылыктар