{"count":1,"next":null,"previous":null,"results":[{"id":1,"text":"
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалы 1991-жылы Кыргызстандагы алгачкы жеке менчик телеканалы катары негизделген. Бул телеканал өзүнүн ишмердүүлүгү менен түштүк аймактагы калкка маалымат жеткирүүдө маанилүү рольду ойной баштаган. Ош шаарынын маданий, социалдык жана экономикалык жашоосун чагылдырып, өлкөдөгү маалымат каражаттарынын арасында өзүнүн ордун бекемдеген.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">2022-жылы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ОшТВ Ош шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүлгөн. Бул өзгөрүү телеканалдын коомдук маанисин жана жергиликтүү бийлик менен кызматташтыкты арттырууга багытталган.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалы Кыргызстандагы жалгыз чарбалык эсептеги телеканал катары иштеп, өзүн өзү каржылоо системасы менен ишмердүүлүгүн улантууда. ОшТВ бүгүнкү күндө маалыматтык, маданий, билим берүүчү жана көңүл ачуу багытындагы берүүлөрдү сунуштап, көрөрмандардын ишенимине ээ болууда.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалы көрсөткөн аймактар:
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалы Кыргызстандын жалпы аймагынын 65 пайызын камтып, өз берүүлөрүн тартуулап келет. 
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">Азыркы учурда телеканал Бишкек шаары, Чүй, Ыссык-Көл, Талас, Нарын, Жалал-Абад Ош облустарында жана Баткен облусунун Кадам-Жай районуна чейин өз берүүлөрүн көрсөтөт.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалынын рейтинги:
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">Телеканал кыргызстандагы телеканалдардын арасында жалпы республиканын аймагында алдынкы ондукка кирген. Ал эми түштүк аймагында эл эң көп көргөн эки телеканалдын бирине айланды. 
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">Биздин иштешкен интернет каналдар:
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалын Азыркы учурда онлайн режимде да көрсө болот. Мындан сырткары Акнет, СмартТВ, ЗорТВ, Отв аркылуу өлкөнүн баардык аймактарынан көрсө болот.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалынын аудиториясына анализ. Кантар (TOO) изилдөө компаниясынын маалыматы боюнча ОшТВ каналы Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы эң популярдуу кыргыз телеканалы, ошондой эле телекөрсөтүүлөрдүн үлүшү жана орточо күндүк чагылдырылышы боюнча эң ири телеканалдардын бири. (K Research Central Asia") максаттуу аудитория үчүн каналдын көрүүчүлөрүнүн 60%га жакынын аялдар түзөт. ОшТВ каналынын көрүүчүлөрүнүн орточо жашы 37 жашты түзөт. Ош жана Жалал-Абад шаарларында орточо эсеп менен ар бир көрүүчү ОшТВ каналын 27мүнөтөн көрөт. Буга кошумча ОшТВ телеканалын 24 саат ичинде  2 000 000 ашуун адам көрөт.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалынын социалдык баракчалары
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалынын  фейсбуктагы баракчасында 44 000 ден ашуун катталуучусу бар. Баракчаны ар айда орточо 3 млн адам көрөт. Ал эми ютуб баракчабызда 214 000 катталуучу бар. Баракчаны жалпысы болуп 60 559 242  көрүү болгон. Инстаграмдагы баракчабыз да активдүүлүгү жогору десек болот. Инстаграмдагы баракчабызда 25 миңден ашууну катталуучу бар. Бир айда биздин баракчаны орточо 5 млн адам көрөт. Биздин социалдык тармактагы баракчаларыбызга төмөнкү аталыштар менен таап көрсөңүздөр болот: 
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">Фейсбук: Facebook- @ОшТВ каналы  
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">Ютуб: YouTube-ОшТВ каналы
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">Инстаграм- <a href=\"mailto:Instagram-@oshtv.official\" style=\"color:blue; text-decoration:underline\">Instagram-@oshtv.official
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">Телеграм- Telegram-ОшТВ телерадиокомпаниясы
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">Азыркы учурда ОшТВ телеканалынын расмий сайты да иштеп жатат. Сайтка <a href=\"https://oshtv.kg\" style=\"color:blue; text-decoration:underline\">https://oshtv.kg ушул дарек менен кирип окуп турсаңыз болот.
\r\n\r\n
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалындагы программалар
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">Жаңылыктар программасы: ОшТВ телеканалында жаңылыктар программасы күнүнө 5 ирет эфирге чыгып, өлкө аймагындагы жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды тынымсыз көрүүчүлөргө жеткирип турат.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">«Негизги маселе» программасы өлкөдө болуп жаткан ар кандай окуяларды түз эфирде атайын чакырылган адистер менен талкуу болот. Программа ар жума күнү кечки 18:00дө эфирге чыгат.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">«Пульс» программасы медициналык көйгөйлөрдү атайын адистер менен талкуулап көрармандардын суроолоруна жооп берет. Программа ар жуманын ишемби 9:00, жекшемби 19:00дө эфирге чыгат.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">«Ош кечи» көңүл ачуучу программа. Бул программа ар жуманын Ишемби күнү 20:00дө жана жекшемби 09:30да ОшТВ телеканалынын эфиринен чыгат.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">“ОшТВ подкасд” жекшемби 20:00, дүйшөмбү 09:00,дө эфирге чыгат. Бул программада элге көрүнуктүү инсандар менен кенен маек болот.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">“Аруузат” - бейшемби 20:30, жума 09:30да эфирге чыгат. Бул программада өз ишинин мыктысы болгон лидер айымдар тууралуу кеңири программа даярдалат.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">“Арабыздагы каармандар” - жекшемби 21:00, дүйшөмбү 09:30 да эфирге чыгат. Бул программада коомчулуктун анчейин назарына түшпөгөн бирок кылган кызматы маанилүү кесип ээлери тууралуу кенен программа тартылат.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">“Даам” - шейшемби 20:00, шаршемби 09:30 да эфирге чыгат. Бул ашкана сырларын бөлүшкөн программа болуп эсептелет. Ага ылайык атайын адистер келип жаңы тамактын түрлөрүн жана солат жасоо ыкмалары менен бөлүшөт.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">“Кызык эл”- жума 19:35, ишемби 10:00дө эфирге чыгат. Бул көңул ачуучу программа болуп, элге логикалык жана кызыктуу суроолор берилет. 
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">“Ыйман ааламы”- бейшемби 14:00дө эфирге чыгып, дин аалымдары түз эфирде көрармандардан келген суроолорго жооп беришет.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">“Спорт ордо” - дүйшөмбү 19:35, шейшемби 07:40та эфирге берилет. Бул программада бир жума аралыгындагы өлкөдө жана дүйнөдөгү спорт жаңылыктары камтылат.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВнын техникалык абалы
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалында заман талабына ылайык дубляж студиясы бар. Атайын окуудан жана даярдыктан өткөн команда менен чет элдик кинолор кыргыз тилине которулат.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалында заман талабына ылайык 3 студиясы бар. Анда жаңылыктар, шоу программалар жана ар кандай кырдаалдарда түз эфирлерди уюштурса болот. Мындан сырткары өлкөнүн баардык аймактарында түз эфирге чыгуу мүмкүнчүлугү бар.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалы заман талабына ылайык техникалар менен камсыз болгон. Ага ылайык (Гопро, дрон, фотоапарат, студияга жана ар кандай сьемкаларды тартууга камералар бар.) Андыктан чоң иш чаралардан сырткары, ар кандай роликтерди жана кыска метраждуу кинолорду тартууга болот.
\r\n\r\n
<span style=\"font-size:11pt\"><span style=\"font-family:Calibri,sans-serif\">ОшТВ телеканалы менен иштешүүнү каалагандар үчүн телеканалдын эшиги дайыма ачык. Көңул бурганыңызга рахмат.
\r\n\r\n
\r\n\r\n