Анжелика Алга Кылычевди сотко берип, 10 млн сом талап кылууда

 Анжелика Алга Кылычевди сотко берип, 10 млн сом талап кылууда

Ырчы Анжелика экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычевди сотко берди. Бул тууралуу ырчынын жактоочусу Мукаш Байгелдиев билдиргенин Kaktus.media жазды.

Маалыматта айтылгандай, ырчы Алга Кылычевди бир жума мурун сотко берген.

«Алга Кылычев Анжеликаны Чыңгыз Жумагуловдун “Дөө Чыңгыз” өлүмүнө айтыптаганы үчүн моралдык чыгымды 10 миллион сом деп бааладык. Мындан тышкары, үч кызын үч башка адамдан төрөдү деп Анжеликанын аброюна шек келтирген», – деди Байгелдиев.

Адвокат келтирилген зыяндын көлөмүн сот жараян учурунда аныктай турганын косумчалады.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар