Анталияда Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду

Анталиядагы Муратпаша муниципалитетине караштуу Гузелобан кичи районунда жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багында кыргыздын залкар жазуучусунун эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ачылыш аземге мэриянын вице-мэри Муратпаш Хусейн Сары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Урмат Усенов, коомдук ишмер Кеңешбек Алян уулу, Түркиядан жана Кыргызстандан келген коноктор катышты.
Белгиленгендей, эстеликти орнотуу журналист Барно Усманованын демилгеси. Аны Бообек Арыков жасаган, ишти Кеңешбек Алян уулу каржылаган.