“Ансар Групп” кооперативинин жетекчиси бир айга камалды

 “Ансар Групп” кооперативинин жетекчиси бир айга камалды

Ош шаардык соту 11-октябрда “Ансар Групп” кооперативинин “Алдамчылык” боюнча шек саналып, кармалган республикалык жетекчиси Ш. Э. жана Ош шаары боюнча жетекчиси С. Анын бөгөт чарасын карады.

Сот чечими менен кооперативдин республикалык жетекчиси делген Ш. Э. бир айга камалды. Ош шаардык жетекчиси үй камагына чыгарылды.Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 9-октябрда “Ансар Групп” кооперативинин эки жетекчиси Ошто адамдарга үй алып берүүнү убада кылып, бирок аны аткарбай жүргөн деген шек менен кармалганын маалымдаган. ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган кооперативдин үстүнөн 59 адам арызданып, милицияга кайрылган.

Келтирилген зыян 63.8 млн. сом деп эсептелген. Милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучулардын арасында кооперативге 5 млн. сомдон ашык акча төккөн жарандар бар.

ШИИБ бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары башталган.Шектүүлөр кармалгандан кийин кооператив жетекчилеринин үстүнөн дагы 15 арыз келип түшкөн.

 

Жанылыктар