Алымкадыр Бейшеналиев президентке 5 жетекчини кызматтан алууну сунуштады

 Алымкадыр Бейшеналиев президентке  5 жетекчини кызматтан алууну сунуштады

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларын жана эки директорду кызматтан алуу боюнча президентке сунуштама киргизди. Бул тууралуу министр бүгүн Бишкекте өтүп жаткан иш-чарада билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, сунуштамада төмөнкүлөрдүн ысымы бар:

саламаттык сактоо министринин орун басарлары Жалалидин Рахматуллаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиев.

дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин жетекчиси Нурдин Кагаздиев,

улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаев.

Бейшеналиев буга чейин орун басарларын кызматтан кетирүү боюнча министрлер кабинетине сунуш киргизгендигин билдирди. “Бирок министрлер кабинети чечим кабыл алган жок, ошондуктан президентке сунуштама жөнөттүм”, – деди ал.

Эске сала кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри ведомствонун үч башкармалыгынын башчыларын кызматтан алган.

Жанылыктар