Алымкадыр Бейшеналиев: “омикрон” штаммы менен көбүнчө жаштар ооруп жатат

 Алымкадыр Бейшеналиев: “омикрон” штаммы менен көбүнчө жаштар ооруп жатат

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 вирусунун “омикрон” штаммы менен көбүнчө жаштар ооруп жатканын билдирди. Анын айтымында, “омикрон” мурдагы штаммдарга караганда 5-10 эсе тез жайылат. 

Министр билдиргендей, коронавирустун жаңы штаммы чыкканына байланыштуу бейтаптарды дарылоо өзгөрүп, алтынчы протокол кабыл алынган.

“Өлкөдө катталган “омикрон” штаммы башка штаммдарга караганда 5-10 эсе тез жайылат. Бирок “омикрон” жарандарда жеңил өтүп, ооруканада жаткан бейтаптардын саны аз. Адамдардын 70 пайызы амбулатордук түрдө дарыланууда. Биз муну күткөнбүз. Медиктер да буга даяр болчу. Мурдагы  делта алфалар улгайган кишилерге жуккан болсо азыр омикрон менен жаштар ооруп жатат. Экинчиден Дары-дермектерибиздин баары бар. Мурдагы жетишпей калган тез жардам жок жетиштүү”,- деди Бейшеналиев.

Өлкө боюнча акыркы бир суткада коронавирустун 781 жаңы учуру катталып, үч бейтап каза болду.

Пандемия башталгандан бери 190 миң 468 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 72 киши айыгып чыкса, 2 миң 833 адам каза болду.

Жанылыктар