Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

 Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Алтынбек Жумаев президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Ошондой эле Жумаев президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулган. Бул кызматка  2021-жылдын 28-декабрында дайындалган эле.  2021-жылдын 12-ноябрында А. Жумаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. Ага чейин 7-каналдын башкы директору кызматын аркалаган.

Жанылыктар