Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

 Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда, жаңы дайындалган президенттин региондогу ыйгарым укуктуу өкүлүн кабыл алып, анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык  өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

Жанылыктар