Алтынбек Сулайманов кызматынан бошотулду

 Алтынбек Сулайманов кызматынан бошотулду

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде, Сулайманов Алтынбек Турдубаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан берген арызына ылайык бошотулду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Алтынбек Сулайманов кызматын тапшыруу боюнча арыз жазган.

Жанылыктар