Алтынбек Эргешов Нарын облусуна башчы болду

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка караганда, Ашимбаев башка кызматка өттү. Нарын облусун мындан ары Алтынбек Эргешов жетектемей болду. Ал буга чейин президенттин аппаратынын башкармалыктарынын бирин жетектеп келген.