“Алтын Казына” ресторанында секелек кызды зордуктоого шектелген адам кармалды

Бишкектин четиндеги “Алтын Казына” ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 20 жаштагы жигит облустук милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.8-августта “Алтын казына” ресторанында администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн. “Алтын Казына” ресторанын Жогорку Кенештин мурдагы Депутаты Махабат Мавлянова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап, шектүүлөрдүн күнөөлөрү далилденсе сөзсүз жазаланышын талап кыларын белгиледи. “Мен жабырлануучунун ата-энесинин сезимдерин түшүнөм, бирок мен аларды менин аброюма жана мекемелердин аброюна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырам” деген.