Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды

 Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды

Пара алууга шек саналган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.Отурумдун алдында Бейшеналиев журналисттерге кыскача комментарий берип, күнөөсүн моюнуна албай турганын айтты жана пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин белгиледи.

Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган.

Жанылыктар