Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылганы кабарланды

 Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылганы кабарланды

Мурдагы билим берүү жана илим министри, пара алууга шек саналып кармалган Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

Буга Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек төрт баласы бар экени себеп болгону айтылды.

Маалыматка караганда, Бейшеналиев тергөө иштеринин жүрүшүндө алгач 37 500 АКШ долларын, кийин 62 500 долларды өз ыктыяры менен кайтарып берген.

Учурда тергөө уланууда.

Эске салсак, Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен 28-сентябрда кармалган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар