Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевге карата өкүмдү жокко чыгарды

 Жогорку Сот Алмазбек Атамбаевге карата өкүмдү жокко чыгарды

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш иши Жогорку Соттун чечими менен жокко чыгарылды.

Маалыматта айтылгандай, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлөт.

Белгилесек, Атамбаев бул иш боюнча чыгарылган өкүмдүн негизинде колонияда кармалууда.

Эске салсак, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалган. Ага карата сот 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар