Алмазбек Атамбаев абактан чыкты

 Алмазбек Атамбаев абактан чыкты

Бүгүн, 14-февралда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты.

Атамбаевди анын тарапташтары, анын ичинде экс-депутаттар Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков жана Мээрбек Мискенбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеев жана башкалар тосуп алышты.

Бүгүн Биринчи май райондук соту Атамбаевге чет өлкөдө дарылануу үчүн өлкөдөн чыгууга уруксат берүү боюнча чечим кабыл алган. Тиешелүү токтомго төрага сот А.Калыбаев кол койгон.

 

Жанылыктар