Алмаз Барктабасов “Кумтөрдүн” жетекчиси болуп дайындалды

 Алмаз Барктабасов “Кумтөрдүн” жетекчиси болуп дайындалды

Кызматынан алынган Теңиз Бөлтүрүктүн ордуна “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жаңы жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов дайындалды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз катчысы Назира Ахмедова билдирди.
Белгилүү болгондой, ал бүгүн жамаатка тааныштырылат.
Бир күн мурун, 23-августта компанияны жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кенде каржылык мыйзам бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Белгилей кетсек, Бөлтүрүк дагы эле “Улуу көчмөндөр мурасы” Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калууда.

Жанылыктар