Алматыда жүргүнчү ташыган автобус күйүп кетти. Видео

 Алматыда жүргүнчү ташыган автобус күйүп кетти. Видео

Алматыда каттам учурунда жүргүнчү ташыган автобус күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, курмандыктар жана жабыркагандар жок.

Окуя бүгүн, 6-сентябрь күнү эртең менен Саин менен Шаляпин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Соцтармактарда жарыяланган кадрлардан жалынга чулганган автобусту көрүүгө болот. Окуядан улам көчөлөрдүн кесилишинде тыгын пайда болгон. Өзгөчө кырдаалдар департаменти кабарлагандай, жалын өрт өчүрүүчүлөр келгенден 20 мүнөт өткөн соң өчүрүлгөн.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Новости Алматы (@almaty_news)

Жанылыктар