Алматыда Путиндин келишине каршы чыккан активисттер кармалды

 Алматыда Путиндин келишине каршы чыккан активисттер кармалды

Алматы шаарында полиция кызматкерлери  консулдугунун алдына нааразылык акциясына чыккан төрт активистти кармап кетти.

Акциянын катышуучулары орус президенти Владимир Путиндин бүгүн, 12-октябрга белгиленген Астанага сапарына нааразылык билдирүү үчүн чыгышкан.

Митингге чыккандар Россия консулдугунун имаратына жетип, талаптарын айтууга үлгүрүшкөн жок. Жолдо аларды полиция кармап, автозакка салып кетти.

Полиция кармоонун себебин түшүндүргөн жок.

12-14-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин Астанада болору кабарланган. Бул арада соцтармактарда Путиндин Казакстанга келишине каршы чыккандар көбөйүүдө. Укук коргоочулар, саясатчылар жана жөнөкөй жарандар Украинадагы согушту айыптап, сапарды жокко чыгарууну талап кылууда.

Астанада 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммити, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны, ушул эле күнү “Борбор Азия – Россия” форматындагы 1-саммит болот.

Жанылыктар