Алматыда ондогон адам жок кылынганы кабарланды

 Алматыда ондогон адам жок кылынганы кабарланды

Түндө Алматыдагы полиция департаменттерине чабуул жасаган ондогон экстремисттер жок кылынды. Бул туурасында Sputnik Казакстан шаардык полиция департаментинин расмий өкүлү Салтанат Азирбекке таянуу менен жазды.

“Экстремисттик күчтөр полициянын шаардык, райондук башкармалыктарын жана бөлүмдөрүн басып алууга аракет кылды. Чабуул жасаган ондогон адам жок кылынды. Алардын өздүгү такталууда”, — деди полициянын өкүлү.

Ал операция маалында өлтүрүлгөн адамдардын так санын атаган эмес.

Азыркы тапта Масанчи, Карасай, Жамбыл, Байтурсынов көчөлөрүндө жайгашкан административдик имараттарда антитеррористтик операция жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Эскерте кетсек, 5-январда түштөн кийин митингчилер Алматыдагы акимчиликтин имаратын жана башка бир катар мамлекеттик администрацияларды басып алышкан. Анын арасында Алматы аэропорту дагы бар. Бир катар банктар, дүкөндөр талап-тонолгон.

Нааразычылык акциялары учурунда полиция кызматкерлери менен аскерлердин арасынан сегиз киши көз жумган.

Жанылыктар