Алматыда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого каршы митинг өткөрүүгө тыюу салынды

 Алматыда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого каршы митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Алматы акимчилиги жарандык активисттер менен “Демократиялык күчтөр коалициясына” мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодон баш тартуу талабы менен митинг өткөрүүгө экинчи жолу уруксат берген жок.

Буга чейин акимчилик “митинг белгиленген жерде жана убакытта маданий иш-чара өтөт” деген жообун берген.

“Биз Алматы менен Астанада митинг өткөрүү боюнча бардык өтүнүчтөрүбүзгө оң жооп алган жокпуз. Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген жерде митинг өткөрүүгө мүмкүн болбосо, акимчилик башка жерди сунуштайт деп так жазылып турат”, – деп жазды активист Мухтар Тайжан.

Шайлоолорго байкоо жүргүзүп келген Арайлым Назарова митингде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүдөн баш тартуу, президенттин бир жолку жети жылдык мөөнөтүн кабыл албоо жана саясий туткундарды бошотуу талаптарын коюуну пландашканын айтты.

Юрист Ерлан Калиев акимчилик митинг үчүн башка жерди сунуштабаганы үчүн сотко кайрылды. Бул иш боюнча административдик сот 27-сентябрга белгиленди.

2020-жылы Казакстанда тынч жыйындар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, митинг өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алуу эмес, эскертүү жетиштүү.

Жанылыктар