Алматы полициясы бузулган унааларын көрсөттү

 Алматы полициясы бузулган унааларын көрсөттү

Алматы полициясы айдын башында  болгон тополондо жабыркаган унааларын көрсөттү.   Бул тууралуу Polisia.kz.ге шилтеме берүү менен “Хабар” агенттиги билдирди.

Полиция депатраментинин маалыматы боюнча, тополоңдун натыйжасында 165 кызматтык унаа жабыркап, анын 53ү өрттөлгөн. Бузулган унаалардын  ичинен  64үн калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Ошол эле учурда Алматы шаарынын райондук башкармалыгында массалык баш аламандыктын жана куралдуу кол салуулардын натыйжасында келтирилген зыяндын алдын ала жыйынтыгы чыгарылды. Ага ылайык, 5 фронт-офис күйүп кетти.  Алмалы районунун Ички иштер башкармалыгынын  жана Ички иштер бөлүмдөрүнүн  имараттары жабыркаган.

19 модулдук жана 13 экологиялык милиция посттору бузулуп, өрттөлгөн.

Жанылыктар