Алишер Тоотаев Ош филармониясынын директору болуп дайындалды

Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын жетекчиси болуп Алишер Тоотаев дайындалды. Бул тууралуу ал өзү ОшТВ телеканалына билдирди.
Анын айтымында, кызматка 20-февралдан тарта ишке киришет.
Филармониянын жетекчилик ордуна 9 кандидат ат салышкан, алар Маданият маалымат жана Туризм министрлигинен атайын конкурстан өтүп, соңку баарлашуу этабында Алишер Тоотаев тандалган.
Ош облустук филармониясын Гүлшайыр Садыбакасова 2000-жылдан бери башкарып келген.
Былтыр Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Оштогу филармониянын абалы тууралуу айтып, аны 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан Гүлшайыр Садыбакасованын кызматын кароо керектигин белгилеген. 9-декабрда Садыбакасова эл өкүлүнө соцтармак аркылуу жооп берген. Анда ал кылган эмгектерин белгилеп, депутаттын сөзүн жалган жалаа деп атаган.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы Садыбакасованын айткандарына жооп берип, филармониянын абалы тууралуу маселе элдин пикиринен улам көтөрүлгөнүн кабарлаган.