Алимбаев кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтогонун билдирди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы абал көзөмөлдө экенин, ок атышуу токтогонун билдирди.
“Биз Лейлек районунун Максат, Жаңы-Жер айылынан тургундарды эвакуциялаганга аракет кылдык. Бирок учурда чек арадагы кырдаал биздин көзөмөлдө турат. Дагы атышып кетпөөгө тиешелүү жумуштарды жасап жатабыз. ок атуу токтогон азыр”, – деди Алимбаев.