Алиев: Азербайжандын Тегерандагы элчилигине кол салууга “Ирандын бийлик өкүлдөрүнүн” тиешеси бар

 Алиев: Азербайжандын Тегерандагы элчилигине кол салууга “Ирандын бийлик өкүлдөрүнүн” тиешеси бар

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев өлкөнүн Тегерандагы элчилигине кол салууну уюштурууга “Ирандын бийлик өкүлдөрүн” айыптап, Тегеран менен мамилелерди жакшыртуу – бул террордук чабуулга тиешеси барлар жоопко тартылгандан кийин гана мүмкүн экенин билдирди.

27-январда Азербайжандын Ирандагы дипломатиялык өкүлчүлүнө куралдуу кол салуу болуп, коопсуздук кызматынын башчысы өлүп, эки күзөтчү жараат алган.

Ильхам Алиев бул кол салууну “уюшулган террордук акты” деп атап, террорчуну куралсыздандырган күзөтчүлөрдүн биринин эрдиги гана дипломаттар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн сактап калганын айтты.

“Теракттан кийин кол салган адамдын иран ЖМКларына интервью бергени – аны Ирандын бийлик өкүлдөрү жөнөткөнүн көрсөтүп турат”, – деди Алиев.

Азербайжандын президенти Ирандын бийлигинен бул кол салууну ачык иликтөөнү жана ал иш боюнча Бакуга маалымат берип турууну талап кылды.

“Теракттын уюштуруучулары, Иран бийлигинин жогорку кызматтагы өкүлдөрү сот жообуна тартылганда гана Тегеран менен мамилелерди нормалдаштыруу жөнүндө айтууга болот”, – деди Алиев.

Буга жооп катары Ирандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) өкүлү Насер Канаани элчиликке кол салуу боюнча Бакуну жаман ойдон алыс болууга жана саясатташкан билдирүүлөрдү жасабоого чакырды.

“Тергөө иштери жүрүп жаткан маалда окуя боюнча маалымат каражаттарына укуктук эмес түшүндүрмөлөрдү берүү конструктивдүү чара болуп эсептелбейт”, – деп жызлган Канаанинин 19-февралдагы билдирүүсүндө.

Ал “элчиликке кол салуунун бардык аспектилери так иликтенип жатканын” кошумчалап, Тегеран тергөөнүн жыйынтыктарын азери тарапка берүүгө даяр экенин билдиргенин белгиледи.

27-январда Калашников автоматы менен куралданган киши Азербайжандын Тегерандагы элчилигине кол салган. Элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысы өлүп, эки күзөтчү жарадар болгон. Кылмышкер кармалып, сурак учурунда үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам кол салганын билдирген. Ал элчиликтин имаратында аны менен 2022-жылдын апрелинен бери байланышка чыкпай калган аялы бар деп ойлогонун айткан.

27-январда дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү Тегерандан Бакуга чыгарылып кетип, элчилик дипломатиялык ишмердүүлүгүн токтоткон. Бүгүнкү күндө ал жакта административдик имаратты жана элчиликтин мүлкүн күзөтүп жаткан беш гана кызматкер иштеп жатат. Ирандын Тебриз шаарында гана Азербайжандын консулдугу ишин улантууда.

Жанылыктар