Алгачкы жыйынтык. Шайлоо босогосунан 6 партия өттү

Кыргызстанда парламенттик шайлоо саат 20:00дө аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук эсептөө системасынын алгачкы жыйынтыктарын жарыялап жатат.
Бул жолу парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, шайлоочулар эки бюллетень менен добуш беришти. Анын бири бир мандаттуу округ боюнча өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди, экинчиси бирдиктүү округ боюнча партияларды шайлоо үчун берилген.
БШКнын саат 21:00гө карата эсептөөсү боюнча бирдиктүү округдан 30,60% менен «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы озуп чыкты. Ошондой эле, 5%дык босогодон «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан», «Ыйман Нуру» партиялары өткөн.
Баардык укуктары корголгон. oshtv.kg сайтында жайгаштырылган материалдар жеке тараптын колдонуусу үчүн гана. Сайттагы материалдарды колдонгонго, көчүргөнгө, жайгаштырганга жана жайылтууга макулдашуусуз уруксат берилбейт. Колдонулган материалдарга шилтеме сөзсүз болушу зарыл. ОшТВ телерадиокомпаниясы