Алексей Тепляшин 100 тонналык вагонду сүйрөп, рекорд койду

 Алексей Тепляшин 100 тонналык вагонду сүйрөп, рекорд койду

Спортчу Алексей Тепляшин темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча Кыргызстандын рекордун койду. Иш-чара 22-апрель күнү өттү.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиргендей, спортчу жонуна илинген кайыш кур менен чиркештирилген 4 вагонду жана кошумча салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин жылдырган. Ал эми жүктүн жалпы салмагы 100 тонна 150 кгды түзгөн.

Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып, 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды. Темир жол вагонун оордунан жылдыруу боюнча жаңы коюлган рекордду ал Кыргызстандын жалпы элине арнай турганын билдирди.

Жанылыктар