Алдын ала эсеп боюнча Баткенде 364 турак жай талкаланды

 Алдын ала эсеп боюнча Баткенде 364 турак жай талкаланды

Баткендеги чек ара жаңжалынын кесепетинен талкаланган турак жайлардын саны 364кө жетти. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Жараксыз абалга кептелген объекттердин арасында үйлөр, короо жайлар, социалдык мекемелер, бала бакча, мектеп жана административдик мекемелер бар.

“Келтирилген чыгымды тактоо боюнча облустук жана райондук деңгээлде тиешелүү комиссиялар түзүлүп, алар айыл өкмөттөр боюнча 9 топко бөлүнүп иш алып барышууда. Комиссиянын курамына тергөө тобунан, ӨКМден, курулуш тармагынан дагы тиешелүү адистер кирди. Алдын ала маалымат боюнча, 364 турак жай талкаганган. ”, – деди Жолдошбаев.

Учурда комиссия жаңжалда келтирилген чыгымды эсептеп жатат. Текшерүүнүн жүрүшүндө канча үй канчалык деңгээлде жабыркаган, калыбына келтирүүгө болот же болбойт деген жыйынтык чыгарылат.

Жанылыктар