Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн милиция кызматкери кармалды

Кечээ, 12-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын издөөгө алынган кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин, УКМКга “О.А.” аттуу жаран кайрылып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери (“С.Р”) кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (Кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Аталган “С.Р.” издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы (сыртынан) тандалган.
Издөөдө жүргөн жарандын жашаган жери аныкталып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан тергөө органдарынан жашырынып жүргөн Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнын КМКнын кызматкери “Р.С.” табылып, кармалды.
Азыркы учурда С.Р. аталган иш боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
УКМК “С.Р.” аракетинен жапа чеккендерди (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефону, 0702233243 WhatsApp номери аркылуу байланышууну өтүнөт.