Алайда жер титиреди

 Алайда жер титиреди

Кечээ, 24-октябрь күнү саат 22:57де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер силкинүү Алай районунун Каблан-Көл жана Тогуз-Булак айылдарында, Кара-Суу районунун Корок, Чайчи, Ийрек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Бактыга жараша жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар