Алайда тургундар көмүр казууга нааразычылык билдирип чыгышты

 Алайда тургундар көмүр казууга нааразычылык билдирип чыгышты

Бүгүн, 4-апрелде Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду айылынын тургундары Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип чыгышты. Алардын талабы экологияны сактоо экенин айтышты. 

Ош ТВнын журналистти жеринен билдиргендей, жергиликтүү тургандар «Бикипинг» ЖЧКсы көмүрдөн башка элементтерди да казуу кызыкчылыгы бар экенин айткан. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин уруксаты жок эле аталган компания ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

Ленин айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымына караганда, көмүрдү чалгындоого жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат берилген эмес.

“Көмүр казуу эмес, чалгындоого уруксат бербей жатышат. Мага кат келген чалгындоого уруксат бериңиз деп. Мен эл менен сүйлөшсөм, алар каршылык билдирген. Анан менда макулдук берген эмесмин. Элдин талабы көмүр кен айылга жакын болуп калган үчүн зыян, жайыт бузулат, үлүш жерлер бар, дарыяга жакын деп жатышат”,- деди айыл өкмөт башчысы.

Тайгак-Таш аймагындагы 119,93 гектар аянтты ээлеген көмүр кенин «Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коому изилдеп жатат. Аталган компаниянын 2023-жылдын ноябрь айына уруксат бар.

Согонду айылында 3000 миңден ашуун тургун жашайт.

Жанылыктар