Алайда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат

 Алайда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат

Алай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-майда саат 16:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Корул айыл аймагындагы 174 турак үйдүн короолорун, анын ичинен 32 үйдүн жер төлөөлөрүн жана 1 ФАПтын короосун суу каптаган.

Кооптуу деп табылган 2 турак үйдүн тургундары (22 жаран) туугандарынын үйүнө убактылуу көчүрүлгөн.

Ошондой эле 4 ички чарбалык көпүрө селден жабыркап, жараксыз абалга келген жана 6 электр мамычасы жабыркап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу үчүн кайондук ЖК комиссиясы, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Алай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен 1 бригада, жергиликтүү тургундардан 150 адам, ӨКМден 2 трал, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 самосвал, ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан ЖТИден 1 экскаватор, 1 грейдер, 3 самосвал тартылган.

Жанылыктар